Маалымат борбор

РФ элчиси Путин менен Жапаровдун дос, ынак мамиледе экенин айтты. Сүрөттөр

Sputnik
БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Россиянын, Кыргызстандын президенттери Владимир Путин менен Садыр Жапаровдун мамилеси чыныгы достук жана өнөктөштүккө негизделген. Бул туурасында РФтин КРдеги элчиси Сергей Вакунов Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда айтып берди.
1 / 3

Владимир Путин менен Садыр Жапаров

2 / 3

Стратегиялык өнөктөштөр Кыргызстан менен Россиянын лидерлери Владимир Путин, Садыр Жапаров

3 / 3

Владимир Путин менен Садыр Жапаров

Дипломат эки өлкөнүн ортосундагы алака да жогорку деңгээлде экенин белгилеген.
"Стратегиялык өнөктөштүк мындан ары да ушул ыргакта уланарына ишенем. Анткени анын башатында мамлекет башчылардын өз ара мамилеси турат. Экономикалык өнүгүү боюнча биздин көз караштар жана стратегиялар көп жерде дал келет. Мындай шартта кызматташтыкты бекемдөө үчүн чоң мүмкүнчүлүк бар", — деген ал биздин маалымат борборунда өткөн брифингде.
Элчинин айткандай, дээрлик бардык тармактарда жана өнөктөштүк байланыштарда мамилелер жогорку деңгээлде өнүгүп келе жатат.
Элчи: Кыргызстан менен Россиянын соода көлөмүн 5 млрд. долларга жеткирсек болот