Маалымат борбор

"Өчпөс полк" Жеңишти унуттурбай, тарыхтын өзгөрүп кетпешине көмөктөштү

Sputnik
БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Айрым деструктивдүү күчтөр биздин жалпы тарыхыбызды кайра жазууга аракет кылышкан. Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов Sputnik Кыргызстан маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди.
Ал баш кесерлер, кылмышкерлер жеңүүчүлөр катары, ал эми совет элин агрессор катары көрсөтүүгө аракет кылышканын белгиледи.
Элчинин айтымында, бул аракеттер "Өчпөс полк" кыймылынын жардамы менен токтотулган. Демилге элден чыгып, аталган кыймыл Жеңишти унуттурбай, тарыхтын өзгөрүп кетпешине көмөктөштү.
"Алардын аракети кайсы бир деңгээлде ишке ашты. Анткени күчтүү мамлекет, күчтүү держава болбой калганбыз. Ошондуктан тарыхты кайра жазууга жана бурмалоого аракеттер жасалды. Бирок мен "Өчпөс полк" кыймылы пайда болгонун бул аракеттерге чек койду деп эсептейм. Биздин элдердин тарыхы, Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин тарыхы эми үй-бүлөлүк тарых болуп калды. Биз Кыргызстанда да, Россияда да үй-бүлөлүк тарых жана ата-бабаны урматтоо биринчи орунда турарын билебиз. Тарыхты кайра жазууга жана бурмалоого жасала турган кийинки аракеттер да натыйжа бербейт", – деди Вакунов.
Ноокенде Улуу Ата Мекендик согуштун акыркы ардагери 99 жашында каза болду