БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Жалал-Абал облсунун Манас шаарында жогорку пайыз менен акча берген көмүскө күрөөкөна аныкталды. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.
Маалыматка ылайык, А.Э.С. аттуу аял жылдык үстөгү 150 пайыздан ашкан шартта насыя берип, күрөөгө автоунаа, кыймылсыз мүлк жана зер буюмдарды алып турган.
"Ш.К.У. аттуу жаран андан 1 миллион сом карыз алып, ай сайын 150 миң сомдон пайыз төлөгөн. Шектүү анын автоунаасын тартып алып, башка мүлкүн да ээлеп алууга бир нече жолу аракет кылган", – деп айтылат маалыматта.
Аял берген карызынын 200 миң сомун алып жатканда кармалган. Анын үйүн тинтүү учурунда кыймылсыз мүлктөрдүн техникалык паспорттору, ID-паспорттор, жер жана үйдүн документтери, зер буюмдар жана башка документтер табылган.
Шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иш-чараларынын алкагында башка насыя алган адамдарды, ошондой эле камакка коюлган мүлктүн ээлерин аныктоо боюнча аракеттер жүргүзүлүүдө.