БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Россия Евразия чөлкөмүндө тең салмактуу жана экинчи бирөөгө тийишпеген, бүлүндүрбөгөн коопсуздукту сактоонун планы тууралуу иш алып барат. Бул туурасында РФ ТИМ башчысы Сергей Лавров айтканын РИА Новости жазды.
"Президент Владимир Путиндин демилгеси менен Евразия мейкиндигинде тең укуктуу жана бөлүнгүс коопсуздук боюнча планды, ошондой эле кеңири практикалык кооперацияны түзүү жаатында иш алып баруудабыз", — деген министр Дипломатия кызматкерлеринин күнүнө карата жасаган кайрылуусунда.
Муну менен ал конкреттүү иштер, биргелешкен долбоорлор жана дайыма байланышта болуп иштешүүнү бекемдөө тууралуу айтты.
Москва ынтымак-ырашкерликте жашаган коңшулукка, өз ара түшүнүүчүлүк менен ишенимдин принциптерине негизделген чын ыкластан болгон алаканы түптөөгө кызыкдар экендигин белгилеген.
"Буга байланыштуу эки тараптуу макулдашуулардын түзүлүшүнө жана аны ишке ашырууга маани беребиз. Анын ичинде Беларусь менен болгон коопсуздук кепилдиги боюнча келишимдер, Кытай, Иран менен стратегиялык ар тараптуу өнөктөштүк бар", — деген Лавров.
Россия бийлиги Евразия чөлкөмүндө тең укуктуу жана коопсуздуктун жалпы евразиялык планын түзүү зарылдыгын бир нече ирет белгилеп келген. Ал нерсе континенттеги аскердик-саясий кырдаалды көп убакытка чейин турукташтырууну камсыздап, аймактагы бардык мамлекеттердин эч бирин кодулап, четке түртүп салбастан туруктуу өнүгүшүнө кепил болушу керек.