Зульхарнеев: Кыргызстан менен Россиянын адеп-ахлактык баалуулуктары дал келет

Sputnik
БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Кыргызстан менен Россиянын адеп-ахлактык жана үй-бүлөлүк баалуулуктары дал келет. Бул тууралуу Россотрудничествонун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Альберт Зульхарнеев Sputnik агенттигинин маалымат борборунда билдирди.
Анын айтымында, "Русский дом" "Дүйнөнү өзгөрткөн аял" сынагын алтынчы ирет колдоп жатат. Зульхарнеев көңүл ооруткан жаңылыктар арбын учурда адамдардын бири-бирин колдоп, жакшы нерселер тууралуу баарлашуусу өзгөчө маанилүү экенин белгиледи.
"Биздин Кыргызстан менен бөлүшкөн баалуулуктарыбыз жөн гана абстрактуу теория эмес экенин көрсөткүбүз келет", — деди ал.
Зульхарнеев эки өлкөдө тең аялдар үй-бүлөнү, кесиптик ишмердүүлүктү жана активдүү коомдук позицияны ийгиликтүү айкалыштырып жатканын айтты. Ал мындай аялдар жаш муунга үлгү болуп, багыт берип, өнүгүүнүн келечегин көрсөтөрүн белгиледи. Ошондой эле сынактын максаты жеңүүчүнү гана аныктоо эмес экенин кошумчалады.
"Биз үчүн бул аялдар тууралуу мүмкүн болушунча көп адамдын билиши жана алардын, мисалы, башкаларды шыктандырышы маанилүү", — деп сөзүн жыйынтыктады Зульхарнеев.
Маалымат борбор
Зульхарнеев: Евразияда тынчтык орнотууда кыргызстандык аялдардын салымы чоң