БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Кыргызстан менен Россияда соода жаатындагы көлөмдү беш миллиард долларга жеткирүүгө толук мүмкүнчүлүк бар. Бул туурасында РФтин КРдеги элчиси Сергей Вакунов Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда айтты.
Ал эки өлкөнүн ортосундагы соода алакасы туруктуу өсүп жатканын белгиледи.
Кыргызстандын Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, былтыр бул көрсөткүч 3,1 миллиард доллардан ашкан.
"Бардыгы өнөктөш өлкөнүн экономикалык туруктуулугуна байланыштуу болот. Азыркы көрсөткүчтөр жакшы. Эгер ушул багыт сакталса жана бардык шарттар туура келсе, товар жүгүртүүнү беш миллиард долларга жеткирүүгө толук мүмкүнчүлүк бар. Андан кийин жаңы максатка умтулабыз", — деди элчи маалымат борбордогу брифингде.
Дипломат эки мамлекеттин президенттери товар алмашууну беш миллиард долларга жеткирүү боюнча тапшырма койгонун белгилеген. Ага жетүү үчүн бир нече негизги багыт бар экенин белгиледи. Ага Россиядан келген инвестицияны көбөйтүү, жаңы долбоорлорду ишке ашыруу жана ишканалардын түз кызматташуусун күчөтүү иштерин атаган.