Маалымат борбор

Кыргызстан менен Россиянын быйыл өткөрө турган ири иш-чаралары. Тизме

Sputnik
БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Быйыл, 2026-жылы, Кыргызстан менен Россиянын ортосунда бир нече масштабдуу иш-чаралар белгиленген жана алардын алгачкысы Казань шаарында өтөт. Бул туурасында РФтин КРдеги элчиси Сергей Вакунов билдирди.
Ал Sputnik Кыргызстандын маалымат борборундагы брифингде айтты.
2026-жылга пландалган ири иш-чаралар:
Россия – Кыргызстан өкмөттөр аралык 27-комиссиясынын жыйыны, 12-17-майда Татарстанда өтөт;
Россия – Кыргызстандын ортосундагы VII бизнес-форум күзүндө Ысык-Көлдө уюштурулат;
9-май — Жеңиш күнү: өткөн жылы коюлган тренд түбөлүк сакталат;
күзүндө Россия – Кыргызстандын аймактар аралык конференциясы болот.
Россиянын элчиси 2026-жыл биргелешкен иш-чараларды уюштуруу жаатында мурдагыдан да жигердүү жана түйшүктүү болорун белгиледи
"Быйыл Кыргызстан ШКУга төрагалык кылат. Албетте, биз союздаш жана өнөктөш катары бардык багытта колдообузду көрсөтөбүз. Элчиликтин милдети — бул иштерге көмөктөшүү. Соода, гуманитардык жана илимий алакаларда ролубуз маанилүү экенин түшүнүп турабыз", — деди Вакунов.
Вакунов: 2025-жыл Россия менен Кыргызстан мамилесинде маанилүү бурулуштун жылы болду