Кыргызстан менен Франция түз авиакаттам ачуу мүмкүнчүлүгүн карап жатат

Sputnik
БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Кыргызстан менен Франция түз авиакаттам ачуу мүмкүнчүлүгүн карап жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын аэропорттору” ААКдан кабарлашты.
Маалыматка караганда, аталган мекеменин жетекчиси Манасбек Самидинов менен Франциянын Кыргызстандагы элчиси Николя Фай жолугушкан.
“Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар Франция менен Кыргызстандын ортосунда француз авиакомпаниялары тарабынан түз авиакаттам ачуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты. Алар ошондой эле жарандык авиация жана туризм тармагындагы эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү, транспорттук каттамды кеңейтүү, эки өлкө ортосундагы ишкердик жана гуманитардык байланыштарды чыңдоо маселелерине өзгөчө көңүл бурушту”, — деп айтылат маалыматта.
“Кыргызстандын аэропорттору” ишканасы эл аралык маршруттук тармакты кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирип, бул багытта француз өнөктөштөрү менен иштешүүгө даярдыгын белгиледи.
Asman Airlines эл аралык каттамдар үчүн Airbus A321 учактарын алат