Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат

Sputnik
БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Кытайдын Жаңы жыл майрамына байланыштуу "Торугарт" жана "Эркеч-Там" өткөрмө пунктулары убактылуу жабылат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.
"Эркеч-Там" өткөрмө пункту — 15-февралдан саат 20:00дөн тартып 19-февралга чейин;
"Торугарт" өткөрмө пункту — 17–20-февраль күндөрү жабык болот.
УКМКнын Чек ара кызматы чек арадан өтүүнү пландаштырууда бул маалыматты эске алууну суранат.
Кыргызстанга кирген чет өлкөлүктөргө да жеке идентификациялык номер берилет