БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Россия эмгек мигранттарынын мыйзамдуу негизде жашап-иштеп, акча табышына кызыкдар. Бул тууралуу Россиянын элчиси Sputnik Кыргызстандын маалымат борборундагы брифингде билдирди.
"Эмгек мигранттарын санариптик эсепке алууга өтүп жатабыз. Мындан тышкары, ЕАЭБ өлкөлөрү үчүн, башкача айтканда, төрт эркиндик режими өзгөрүүсүз калууда. Башкы талап — Россияга кирүүнү, жүрүүнү жана иштөөнү мыйзам чегинде жүргүзүү. Ошондой эле иш берүүчү менен келишимдин болушу. Бир артыкчылык катары айтсам, Кыргызстандын жарандарына Россияда иштөөгө патент алуунун кереги жок", — деди элчи.