Чек ара кызматы УКМКнын курамынан чыгарылды

Sputnik
БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Чек ара кызматы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин курамынан чыгарылып, Мамлекеттик чек ара кызматы болуп кайра түзүлдү. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Дагы бир жарлык менен кызмат жетекчилигине Абдикарим Алимбаев дайындалды.
Документ расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Эскерте кетсек, аталган кызмат 2020-жылы ноябрда УКМКнын курамына кирип, Абдикарим Алимбаев директор болуп дайындалган.
УКМК төрагасынын үч орун басары да кызматтан алынды