Балыкчыда 15 жаштагы кызга ыдык көрсөтүүгө шектелген жигит кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Балыкчыда 15 жаштагы кызга ыдык көрсөтүүгө жана алдамчылыкка шектүү кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жабырлануучунун тууганы милицияга арыз менен кайрылып, окуя 27-декабрда көл жээгинде болгонун билдирген. Шектүү өспүрүм кызды коркутуп, зордуктоого аракет кылган. Уюлдук телефонун да талкалап салган.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 158-беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.
Мындан тышкары, ушул эле жаран мал уурдоого да шектелүүдө. Ал бирөөгө кой бакканга жалданып барып, малын айдай качкан. Жалпы чыгым 15 миң доллар деп бааланган.
Бул факт боюнча да Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренесинин 3-бөлүгүнүн негизинде кылмыш иши козголгон.
Аталган кылмышка шектүү катары 25 жаштагы Ө.К. кармалып, Балыкчы шаардык сотунун чечими менен эки айга камакка алынды.
Базар-Коргондо 71 жаштагы киши небересин зордуктоого шектелип камалды