БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Кыргызстан менен Сауд өнүктүрүү фондунун "Мамлекеттик мектептерди куруу (II фаза)" долбоору боюнча кредиттик келишимди ратификациялады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Өткөн жылдын октябрь айында кол коюлган келишимде фонддон 50 миллион доллардык жеңилдетилген насыя алуу каралган. Кредит жагымдуу финансылык шарттарда 25 жылдык мөөнөткө, анын ичинде беш жылдык жеңилдетилген мезгилге жылдык 1,5 пайыздык ставка менен берилет.
Долбоордун алкагында Бишкек шаарында беш жаңы мектеп жана иштеп жаткан мектептерге кошумча жети окуу корпусун, ошондой эле Чүй облусуна эки жаңы мектеп куруу пландалууда.