Вакунов: 2025-жыл Россия менен Кыргызстан мамилесинде маанилүү бурулуштун жылы болду

Sputnik
БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Өткөн жыл Россия менен Кыргызстандын өз ара алакасынан алып караганда маанилүү бурулуштун жана жаңы баскычтын жылы болду. Мындай пикирин РФтин КРдеги элчиси Сергей Вакунов билдирди.
Ал Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда брифинг өткөрдү.
Дипломат былтыр Түбөлүк достук декларациясына кол коюлганына 25 жыл болгонун белгиледи.

"Ал биздин мамилелерибиздин бардык тармактарын өнүктүрүүнүн пайдубалын түзгөн документ. Былтыр эки тараптуу алака жогорку жана эң жогорку деңгээлде жигердүү өнүктү", — деди Вакунов.

Элчи Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгын утурлай Москвада жана Бишкекте өткөн аскердик параддарды эске салды.
РФ компаниясы Кыргызстанга туманда учак кондура турган жабдык алып келүүгө даяр