11-февралга карата аба ырайы

11-февралда республиканын айрым аймактарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, ала булут каптайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Шаршембиде күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда 8…13, Талас жеринде 7…12, Ысык-Көлдө 3…8, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 8…13 градус жылуу, Нарын өрөөнүндө -2…-7 градус суук болот.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте 9…11, Ош шаарында 11…13 градусту түзөт.
Жаан-чачындуу болот. Алдыдагы аптага карата аба ырайынын божомолу