Чоң ата менен чоң эненин үй-бүлөдө орду өзгөчө, алар неберелерге мээрим, тажрыйба жана руханий баалуулуктарды берет. Алар жаш муунга улуттук наркты, улууну сыйлоону жана салт-санааны үйрөтүшөт. Адистердин айтымында, муундар ортосундагы жоопкерчилик эки тараптуу сүрөттөлөт: чоң ата, чоң эне билим жана акыл-насаат берсе, небере урмат жана кам көрүүнү көрсөтөт. Айрым учурларда улуу муун эркелетип, же неберенин ата-энесине болгон таарынычтан улам тарбиядагы карама-каршылык пайда болушу мүмкүн. Ошентсе да, туура мамиле жана өз ара сый-урмат аркылуу чоң муун менен жаш муундун байланышы күчтүүлүктү сактап, үй-бүлөдөгү тынчтыкты камсыздайт.
Азыркы заманда шаардашуу, миграция жана технология байланыштын кээ бир бөлүктөрүн алсыратып жатат. Кененирээк "Көз мончок" программасынан тыңдаңыздар.