Жумгалбек Шабданбеков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. УКМК төрагасы кызмат ордуна дайындоо үчүн Жумгалбек Шабданбековдун талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет. Ал 2020-жылы УКМКнын 9-кызматынын начальниги болуп дайындалып, атайын кызматтын төрагасынын орун басары кызматын аркалаган. 2022-жылы Шабданбековго генерал-майор наамы ыйгарылган.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары боюнча маалыматтык кызматташуу тууралуу меморандумга "Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын эл аралык катчылыгы" коомдук бирикмеси менен жергиликтүү телеканалдар, анын ичинде Sputnik Кыргызстан агенттигинин ортосунда кол коюлду.Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, меморандумдун алкагында тараптар маалыматтык координацияны күчөтүп, расмий пресс-материалдар менен камсыз кылуу, медиаөкүлдөрдү аккредитациялоо, иш-чараларды түз эфирде чагылдыруу, ошондой эле эксклюзивдүү маектерди жана атайын медиадолбоорлорду ишке ашыруу багытында тыгыз кызматташат.Министр Мирбек Мамбеталиев оюндар өлкө маданиятын дүйнөгө тааныткан глобалдык коммуникациялык аянтча экенин, бул долбоор салттуу спорт түрлөрүн, этномаданиятты жана көчмөн цивилизациясынын философиясын бириктирген ири эл аралык маданий-спорттук формат болуп саналарын белгиледи.Маалыматка ылайык, негизги иш-чаралар Бишкек шаарында жана Ысык-Көл аймагында, анын ичинде Кырчын этношаарчасында өтөт. ЖМК үчүн заманбап техникалык инфраструктура менен жабдылган пресс-борборлор уюштурулуп, болжол менен 500гө жакын чет өлкөлүк журналисттин иштөөсү мерчемделүүдө.
Россия эмгек мигранттарынын мыйзамдуу негизде жашап-иштеп, акча табышына кызыкдар. Бул тууралуу Россиянын элчиси Sputnik Кыргызстандын маалымат борборундагы брифингде билдирди."Эмгек мигранттарын санариптик эсепке алууга өтүп жатабыз. Мындан тышкары, ЕАЭБ өлкөлөрү үчүн, башкача айтканда, төрт эркиндик режими өзгөрүүсүз калууда. Башкы талап — Россияга кирүүнү, жүрүүнү жана иштөөнү мыйзам чегинде жүргүзүү. Ошондой эле иш берүүчү менен келишимдин болушу. Бир артыкчылык катары айтсам, Кыргызстандын жарандарына Россияда иштөөгө патент алуунун кереги жок", — деди элчи.
Кыргыз футбол биримдиги менен Шералы Сыдыков атындагы Республикалык олимпиадалык резервдеги спорт колледжи футбол академиясын түзүү боюнча макулдашууга жетишти. Кыргыз футбол биримдигинен билдиришкендей, академия колледждин базасында иш алып барат. Долбоордун негизги максаты - спорт колледжиндеги футбол бөлүмүнүн натыйжалуу ишин камсыз кылуу жана колледждин тайпаларын КФБнын мелдештер системасына интеграциялоо. Футбол академиясынын директору болуп РСКнын ишмердүүлүгүн башкарууда чоң тажрыйбага ээ Тилек Кожоматов дайындалды. Ал эми спорттук директор болуп мурда Кыргызстандын өспүрүмдөр жана жаштар курамаларын жетектеп келген Самат Суймалиев дайындалат.Академия РСКда билим алып жаткан 2009-2013-жылкы оюнчулардан түзүлгөн командаларды түптөп, тиешелүү жаш курак категориялары боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионаттарына катыштырат. Академиянын түзүлүшү өспүрүмдөр футболун өнүктүрүүгө, квалификациялуу машыктыруучулук жана административдик курамды калыптандырууга, ошондой эле спорт колледжинин таланттуу тарбиялануучуларынын КФБнын республикалык деңгээлдеги мелдештерине туруктуу катышуусун камсыз кылууга багытталган.