Кыргызстанда калктын 93–97 пайызы кариес менен жабыркайт, бул балдарга да, чоңдорго да тиешелүү көйгөй. Тиш оорулары көп учурда туура кам көрбөй калуудан, зыяндуу адаттардан жана профилактикалык текшерүүлөргө өз убагында кайрылбоодон улам пайда болот. Ошондуктан бала бакчаларда, мектептерде балдарга тиш оорулар тууралуу бардык маалыматтарды берилип, тишке кантип көрүү керектиги жөнүндө профилактикалык иштер жасалышы кажет. Бул үчүн жалпы билим берүү мекемелерде стоматологиялык кабинеттер ачылат. Ал жерде ординаторлор иш алып барышат.
Бул тууралуу стоматологиялык ассоциациясынын президенти, медицина илимдеринин доктору, профессор Абибилла Калбаев айтып берди. Ал ошондой эле кариес ооруларын кантип алдын алуу керектигин, эгер убагында дарыланбаса кандай кесепеттери болорун кошумчалап, тиш оорубаса да дарыгерге бир жылда эки жолу көрүнүп туруу керектигин айтты.