Биз кадрларды бекемдөөгө, мугалимдердин өз адистиги боюнча иштөөсүнө басым жасап, кесиптик компетенцияларын жогорулатууда чечкиндүү кадамдарга барабыз. Бул тууралуу агартуу министри Догдургүл Кендирбаева министрликтин 2025-жылдагы ишин жыйынтыктоочу коллегиясында билдирди.Анын айтымында, бул аракеттерди президент Садыр Жапаров да колдоого алып, методикалык бирикмелердин айлык маянасын жогорулатуу чечими кабыл алынган.“Мугалимдерге жогорку талаптар коюлат. Мен дайыма айтып келем, министр үчүн, райондук башкармалык үчүн же текшерүүчүлөр үчүн жасалма сабагыңардын кереги жок. Эң башкысы сиздердин чыгармачылык ишмердүүлүгүңөрдүн натыйжасы балдарга багытталышы керек. Санариптештирүү аркылуу 84% мугалимдерге болгон жүктөрдү азайта алдык”,- деди Кендирбаева.
Кыргызстан менен Россияда соода жаатындагы көлөмдү беш миллиард долларга жеткирүүгө толук мүмкүнчүлүк бар. Бул туурасында РФтин КРдеги элчиси Сергей Вакунов Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда айтты.Ал эки өлкөнүн ортосундагы соода алакасы туруктуу өсүп жатканын белгиледи. Кыргызстандын Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, былтыр бул көрсөткүч 3,1 миллиард доллардан ашкан.Дипломат эки мамлекеттин президенттери товар алмашууну беш миллиард долларга жеткирүү боюнча тапшырма койгонун белгилеген. Ага жетүү үчүн бир нече негизги багыт бар экенин белгиледи. Ага Россиядан келген инвестицияны көбөйтүү, жаңы долбоорлорду ишке ашыруу жана ишканалардын түз кызматташуусун күчөтүү иштерин атаган.
Бишкек мэриясынын Билим берүү департаменти класстарды тилине карап бөлбөстөн, айрым сабактарды эки тилде окутуу сунушун киргизди. Бул тууралуу ведомство жетекчиси Рахат Мусаева Бишкек шаардык кеңешинин жыйынында билдирди.Анын айтымында, шаардагы конуштарда мектептер ачылганы менен билим деңгээли төмөн болууда. Анткени предметтик мугалимдер жетишсиз."Бала башталгыч классты аяктайт, бирок 5-класстан тарта предметтик мугалимдер жок окуудан артта калып жатат. Ушуга байланыштуу Билим берүү департаменти Агартуу министрлигине класстарды кыргыз жана орус тилдүү деп бөлбөстөн, айрым сабактарды эки тилде окутуу сунушун киргизген. Демилгеге ылайык, сабактардын бир бөлүгү кыргызча, бир бөлүгү орусча өтүлүп, мүмкүнчүлүк болсо англис тилинде окутууга өтүү пландалууда", — деди Мусаева.Ал орус класстарга 400дөн ашык мугалим керек экенин белгилеген.
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Профсоюз көчөсүнүн уландысын куруу маселеси боюнча шаар тургундары менен жолугушуп, анда көрүстөндү айланып өтүү боюнча чечим кабыл алынды.Мэриянын маалыматына ылайык, 2022–2024-жылдары көрүстөнгө 50дөн ашуун жарандын сөөгү коюлган. Чечим кабыл алууда санитардык коопсуздук жана шаар тургундарынын кызыкчылыктары эске алынган. "Санитардык нормаларга ылайык, көрүстөндү азыркы учурда казуу жана кайра көмүү иштерин жүргүзүүгө тыюу салынат. Анткени бул жугуштуу оорулардын очогунун пайда болушуна жана калктын саламаттыгына коркунуч жаратышы мүмкүн", – деп жазылат маалыматта.Эскерте кетсек, буга чейин Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев борбор калаадагы Профсоюз көчөсүнүн улантылышына байланыштуу көрүстөндү көчүрүү маселеси боюнча тургундар менен жолуккан. Бул иш-чаралар Бишкек — Кара-Балта жолундагы тыгынды азайтууга багытталган.