Президент Садыр Жапаров Кыргызстан менен Сауд өнүктүрүү фондунун "Мамлекеттик мектептерди куруу" долбоору боюнча кредиттик келишимди ратификациялады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.Өткөн жылдын октябрь айында кол коюлган келишимде фонддон 50 миллион доллардык жеңилдетилген насыя алуу каралган. Кредит жагымдуу финансылык шарттарда 25 жылдык мөөнөткө, анын ичинде беш жылдык жеңилдетилген мезгилге жылдык 1,5 пайыздык ставка менен берилет.Долбоордун алкагында Бишкек шаарында беш жаңы мектеп жана иштеп жаткан мектептерге кошумча жети окуу корпусун, ошондой эле Чүй облусуна эки жаңы мектеп куруу пландалууда.
Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду Ысык-Ата-2 чакан ГЭСинин ишин көрсөттү. РКӨФтүн маалыматына караганда, станцияны курууга 409 миң доллар бөлүнгөн. Анын ишин өткөн жылдын 31-августунда президент Садыр Жапаров ачкан.Чакан ГЭСтин кубаты 4 мегаватт, жылына 27 миллион киловатт-саат электр энергиясын өндүрөт. Алгачкы төрт айда ГЭС 14 миллиондон ашык киловатт-саат энергия чыгарган. Ошондой эле Ысык-Ата районун жана жакынкы аймактарды электр энергиясы менен туруктуу камсыз кылууга жардам берген.
Өткөн жыл Россия менен Кыргызстандын өз ара алакасынан алып караганда маанилүү бурулуштун жана жаңы баскычтын жылы болду. Мындай пикирин РФтин КРдеги элчиси Сергей Вакунов билдирди.Ал Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда брифинг өткөрдү.Дипломат былтыр Түбөлүк достук декларациясына кол коюлганына 25 жыл болгонун белгиледи. "Ал — биздин мамилелерибиздин бардык тармактарын өнүктүрүүнүн пайдубалын түзгөн документ. Былтыр эки тараптуу алака жогорку жана эң жогорку деңгээлде жигердүү өнүктү", — деди Вакунов. Элчи Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгын утурлай Москвада жана Бишкекте өткөн аскердик параддарды эске салды.
АКШ Европа өлкөлөрүнүн өз аскерлерин Украинанын аймагына киргизишин колдобойт. Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров билдиргенин РИА новости жазды. "Британиянын премьер-министри Кир Стармер жана Франциянын президенти Эммануэль Макрон НАТОнун башкы катчысы Марк Рютте менен бирге Украинага "экспедициялык аскерлерди" жайгаштыруу мүмкүндүгүн талкуулап, АКШ аларды аскердик жактан колдойт деп билдиришүүдө. Азыр америкалыктар менен бул маселени кандай талкуулап жатканыбызга токтолбой эле коеюн. Бирок биз алардан мунун чын-төгүнүн сурадык. Европалыктар жана Владимир Зеленский үчүн оң жооп болбойт деп ишенем", — деди Сергей Лавров.Буга чейин Financial Times гезити жазгандай, АКШ менен Европа өлкөлөрү эгер Россия келишимдерди бузса, ага кандай жооп кайтарары боюнча алдын ала макулдашып коюшканын жазган. Керек болсо америкалык аскерлерди да колдонушу мүмкүн.Өткөн жумада Марк Рютте Жогорку Радада сүйлөп жатып, тынчтык келишими түзүлгөндөн кийин дароо Украинада чет элдик аскерлер пайда болорун билдирген.