ЕАЭБге кадрлар кантип тандалат?

Sputnik
Евразия экономикалык биримдигине мүчө беш мамлекеттен бөлүнгөн квотага жараша адистер барып эмгектенишет. Уюмдун комиссиясынын аппаратына түрдүү тармактагы адистиктер атайын конкурстардан өтүп, Кыргызстандан да барышат. Ал конкурстарды өткөрүү, кадрларды тандоо Экономика жана коммерция министри менен биргеликте Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигине жүктөлгөн.
ЕЭКтин аппаратында иштөөнү каалаган адистерге кандай талаптар коюлат, сынактар кандай таризде жүргүзүлөт, кайсыл тартиптерди камтыйт деген суроолорубузга аталган агенттиктин укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Бактыгүл Үсөналиева жооп берди.
Үсөналиеванын айтымында ЕАЭБде эки жылдан ашык иштеп келген адистерди республика ичинде мамлекеттик кызматтарга алууда сынактан өтүүнү жоюу каралууда. Себептерин төмөндөгү “Күн башат” уктуруусунан биле аласыз.