БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Ош шаарынын Архитектура башкармалыгынын Т.З.М. аттуу адиси менен калаанын башкы архитекторунун биринчи орун басары Т.Ы.К. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка караганда, текшерүү учурунда калаадагы бир катар курулуш объектилери тийиштүү нормаларды одоно бузуу менен тургузулгандыгы аныкталган.
"Айрым курулуш компаниялары долбоордук-сметалык документтерге унаа токтотуучу жайлардын саны боюнча жалган маалыматтарды киргизишкен. Иш жүзүндө алар унаа токтотуучу жайларды куруунун ордуна коммерциялык объектилерди тургузуп, кошумча пайда көрүүнү көздөгөн", — деди атайын кызмат.
Ал эми Ош шаарынын Архитектура башкармалыгынын айрым кызматкерлери курулуш компанияларынын өкүлдөрү менен алдын ала сүйлөшүп алып, мыйзам бузууларга жол берип келишкени айтылды.
"Мунун кесепетинен Ош шаарында шаар куруу мыйзамдары системалуу түрдө бузулуп, курулуш объектилеринин мөөнөтү узарып, үлүшчүлөрдүн нааразычылыгы күчөп, жол тыгындары көбөйүп, шаардык инфраструктурага кошумча оорчулук жаралган", — деп айтылат маалыматта.
Топтолгон материалдардын негизинде УКМК кылмыш ишин козгоду. Учурда шаар куруу тармагындагы башка коррупциялык фактыларды аныктоо боюнча кошумча текшерүүлөр жүрүп жатат.