Араван менен Кара-Сууда жазгы талаа иштери башталды

Sputnik
БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Оштун Араван менен Кара-Суу райондорунда жазгы айдап-себүү иштери башталганын Жогорку Кеңеште билдирди.
Ал учурда министрлик жазгы айыл чарба иштерине толугу менен даяр экенин айтып, 7 миллион литр күйүүчү май 74 сомдон берилип жатканын белгиледи. Министрдин айтымында, быйыл дыйкандарды май менен камсыздоодо көйгөй жаралбайт.
Ведомствонун маалыматына ылайык, жаз эрте келген Араван районунда эң биринчи болуп картошка эгиле баштады. Май айында бышып, сатууга даяр болот.
Айыл чарба министрлиги: быйыл өлкөдө суу тартыш болушу мүмкүн