Ноокенде Улуу Ата Мекендик согуштун акыркы ардагери 99 жашында каза болду

Sputnik
БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Ноокен районунда Улуу Ата Мекендик согуштун Ноокен районундагы жалгыз ардагери Ормон Дадажанов 99 жашында каза болду. Бул тууралуу Россиянын Ош облусундагы башкы консулдугунан кабарлашты.
Дадажанов 1945-жылдын мартынан 1950-жылдын апрелине чейин №26 атчандар полкунун №1249 аскер бөлүгүндө кавалерист, 1950-1980-жылдары Масы айылындагы машина-трактор станциясында ширетүүчү болуп иштеген.
Ардагердин артында 7 баласы, 28 небереси жана 37 чөбөрөсү калды.
Россотрудничество: Кыргызстан Улуу Ата Мекендик согуштун кээрин унутта калтырбайт