БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Коомдук жана саясий ишмерлер мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү сунушу менен өлкө башчысы Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылышты.
Аталган документке кол койгон 75 кишинин арасында коомдук ишмерлер, экс-премьер-министрлер, депутаттар, окумуштуулар жана маданият өкүлдөрү бар. Тизмедегилердин айрымдары кайрылууга кол койгонун тастыктаса, кээси кайрылуу болгонун, бирок кол кое электигин билдиришти.
Демилгечилер президенттик мөөнөткө байланышкан укуктук талаштарга токтолуп, коомдогу бөлүнүүлөрдү алдын алуу жана саясий туруктуулукту камсыз кылуу максатында мүмкүн болушунча эртерээк жаңы президенттик шайлоо өткөрүүнү сунушташкан.
Кайрылуу боюнча президенттик администрация үн ката элек.