Жаман иш болду... Манас Ниязов аламан улактагы кырсык тууралуу

Sputnik
БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Белгилүү көк бөрүчү Манас Ниязов Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине Өзгөндө өткөн аламан улакта каза болгон 27 жаштагы жигиттин туугандарына көз көрсөтүү үчүн бара жатканын билдирди.
"Элге жакшы оюн тартуулайбыз деп жатып кайра жаман иш болуптур. Маркумдун үйү Кара-Дарыяда экен, азыр жетели деп калдык. Ал эми аламан улакта бардык коопсуздук эрежелери сакталган. Кырсык оюндун сыртында, алыс жерде болгон. Жөн эле атын сугарганы барганда болуп жатат", — деди көк бөрүчү.
Ал байгелерге эч ким демөөрчү болбогонун белгиледи.
Эскерте кетсек, кечээ Өзгөн районунда өткөн аламан улакта 27 жаштагы А.И. каза болгону маалым болгон. Факт каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.
Кемпир-Абаддын аймагында өтүп жаткан аламан улакты атактуу спортчу Манас Ниязов уюштурган. Улакчы оюнга чейинки видеосунда соорунга (байгеге) 2-3 унаа, 100 төө (20 төө менен берилип, калганы акчалай), 30 тай жана умрага жолдомолор коюларын айткан. Ошондой эле ал оюнга чет өлкөдөн да коноктор келерин билдирген.
Бүгүн Экотехкөзөмөл кызматы Баш-Дөбө жана Төрт-Көл айыл өкмөттөрүнө аймакты тазалоону тапшырган. Таштандыдан арылтуу иштерине Манас Ниязов өзү катышып, видео кайрылуу жасаган. Анда эки кырсык тең оюндан тышкаркы жерде болгонун, кокустук экенинин билдирген.
Кыргызстанда Аламан улак федерациясы түзүлдү