Көчмөндөр оюндарында маданий иш-чаралардын байге фонду 4 миллион сомду түзөт

Sputnik
БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарындагы маданий иш-чаралардын байге фонду 4 миллион сомду түзөрүн "Биринчи радиого" билдирди.
Министрдин айтымында, спорттук оюндар үчүн өзүнчө байге фонду бар. Ал эми Кырчын жайлоосунда өтө турган маданий иш-чаралардын байге фонду 4 миллион сомдун тегерегинде болот. Ошондой эле салттуу музыка, улуттук кийимдер боюнча да фестивалдар өтөт. Алардын да өзүнүн байге фонду бар.
Эске салсак, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылышы 31-августта Бишкекте өтүп, жабылыш аземи 6-сентябрда Ысык-Көл жээгинде болот. Оюндарга 100дөн ашуун өлкөдөн үч миңден ашык спортчу катышат.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына ШКУ лидерлери катышары күтүлүүдө