БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Аламүдүн районунда жайгашкан "Кашкулак" тоо-лыжа базасында 20 жаштагы кыз кырсыкка кабылып, оор жаракат алды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 8-февралда 20 жаштагы Т.А. достору менен бирге лыжа тебүүгө барган. Ал тоодон катуу ылдамдыкта түшүп, жар боюна коюлган тосмону тешип өтүп, капчыгайга кулап кеткен. Алдын ала медициналык корутундуга ылайык, кыздын эки буту, сол колу жана омурткасы сынып жандандыруу бөлүмүнө түшкөн.
Факт боюнча тиешелүү соттук-медициналык экспертиза дайындалып, учурда тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.