БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Кыргызстанда жумуртка өндүрүүнүн өсүү темпи Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) орточо көрсөткүчүнөн эки эсе жогору болду.
Өткөн жылдын январь-ноябрь айларынын жыйынтыгында өлкөдө дээрлик 800 миллион даана жумуртка өндүрүлүп, өсүш 8,7 пайызды түзгөн. Бул көрсөткүч менен Кыргызстан ЕАЭБ өлкөлөрүнүн арасында экинчи орунду ээлеген.
Өсүү темпи боюнча лидерликти 12,5 пайыз менен Армения алган. Жалпы жонунан ЕАЭБде жумуртка өндүрүү 4,5 пайызга көбөйгөн.