Билим берүү департаменти класстарды тилине карап бөлүүдөн баш тартууну көздөөдө

Sputnik
БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Бишкек мэриясынын Билим берүү департаменти класстарды тилине карап бөлбөстөн, айрым сабактарды эки тилде окутуу сунушун киргизди. Бул тууралуу ведомство жетекчиси Рахат Мусаева Бишкек шаардык кеңешинин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, шаардагы конуштарда мектептер ачылганы менен билим деңгээли төмөн болууда. Анткени предметтик мугалимдер жетишсиз.
"Бала башталгыч классты аяктайт, бирок 5-класстан тарта предметтик мугалимдер жок окуудан артта калып жатат. Ушуга байланыштуу Билим берүү департаменти Агартуу министрлигине класстарды кыргыз жана орус тилдүү деп бөлбөстөн, айрым сабактарды эки тилде окутуу сунушун киргизген. Демилгеге ылайык, сабактардын бир бөлүгү кыргызча, бир бөлүгү орусча өтүлүп, мүмкүнчүлүк болсо англис тилинде окутууга өтүү пландалууда", — деди Мусаева.
Ал орус класстарга 400дөн ашык мугалим керек экенин белгилеген.
Өлкөдө "Туңгуч" онлайн-мектеби иштей баштады