БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Владимир Зеленский демографиялык кризистин ыктымалдуулугу туурасындагы билдирүүлөрдөн кийин Украинадан чыгып кеткендерди ураалаган сөз менен кайтаруу мүмкүн эмес экенин моюндады. Бул тууралуу ал Киев авиациялык институтунун студенттеринин алдында сүйлөп жатып айтканын РИА Новости жазды.
Ага чейин Украинадагы "Рейтинг" социологиялык топтун жетекчиси Алексей Антипович былтыркы жылдын 29-декабрында 2022-жылдан кийин өлкөдөн чыгып кеткен украиналыктар кайтып келбесе демографиялык кризис башталып, жумушчу күчтүн тартыштыгы жараларын билдирген.
"Мобилизациялык курагы жол бергендер кетем десе — акысы бар. Ураалаган сөз, куру кыйкырык менен аларды кайтара албайбыз", — деген Зеленский.
Эскерте кетсек, августтун соңунда украин өкмөтү 18 жаштан 22 жашка чейинки эркектерге чет өлкөгө чыгууга уруксат берген. Жергиликтүү ЖМКлар жаштар өлкөдөн жапырт чыгып кетип жатканын жазып, соцтармактарга бир топ видео тараган.
Январда Жогорку Раданын депутаты Сергей Нагорняк акыркы жарым жыл аралыгында 500 миңдей киши Украинадан кеткенин айткан.