БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Европа Россияга кол сала турган болсо, Москва колдогу болгон каражаты менен жооп кайтарат. Бул тууралуу өлкөнүн тышкы иштер министри Сергей Лавров маек куруп жатып айтканын РИА Новости жазды.
"Президент эгер Европа капысынан эле ниетин ишке ашырып, Россия Федерациясына кол сала турган болсо, биз тараптан атайын операциянын эмес, доктриналык документтерге ылайык толук кандуу аскердик аракеттин деңгээлиндеги жооп болорун айтты", — деди Лавров.
Акыркы жылдары Россия батыш чек арасында НАТОнун катуу активдешкенин белгилеп келет. Альянс кулачын кеңейтип, муну Россиянын агрессиясын тизгиндөө деп атаган. Москва блоктун Европада күчтөнүшүнө да тынчсыздануусун билдирген. ТИМ НАТО менен диалогго ачык экенин, бирок сүйлөшүүлөр тең укукта өтүп, Батыш континентти милитаризациялоо ниетинен баш тартышы керектигин айткан.
Президент Владимир Путин Россия эч кимге кол салбай турганын бир нече ирет эскерткен. Анын айтымында, Батыш саясатчылары өлкө ичиндеги көйгөйлөрүнөн элин алагды кылуу үчүн ойдон чыгарылган кооптуулуктар менен коркутуп келет.