БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. АКШнын Индиана штатында жол-транспорт кырсыгына кабылган Кыргызстандын Бекжан Бейшекеев аттуу жараны менен Башкы консулдук телефон аркылуу байланышты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.
Ага ылайык, алар мекендешке консулдук-укуктук кеңеш берген. Ошондой эле жигиттин азыркы тапта кармалып турган жайы такталып, Башкы консулдуктун кызматкерлери ага барууну пландап жатканы айтылды.
Тышкы иштер министрлигинде Бейшекеевдин туугандары менен дагы жолугушуу өткөрүлгөн. Аталган ведомство өз ыйгарым укуктарынын чегинде зарыл болгон бардык консулдук-укуктук жардам көрсөтүлөрүн белгиледи.
Эске салсак, мекендеш кабылган кырсык 3-февралда болгон. Трак айдап иштеген 30 жаштагы Бекжан Бейшекеев каршы тилкеге чыгып, кичи автобус менен кагышканы айтылган. Натыйжада төрт киши көз жумган. Мындан тышкары, кыргызстандыктын АКШга мыйзамсыз кирип, Пенсильвания штатынан коммерциялык айдоочулук күбөлүк алганы белгиленген.