Топоз багуу Кыргызстанда илгертен келаткан чарбалардын бири. Бирок кыргыз топоз эттери кийик оттогон бийиктиктерде жүргөнү үчүн эти чүйгүн, нукура келип, топоз этинин сүйүүчүлөрүнүн арасында жогору бааланат. Муну менен катар эле учурда өлкө боюнча топоз баккан саналуу гана топозчу бар. Алар өзгөчө Ат-Башы, Алай, Чоң Алай жана республиканын башка тоолуу райондорунда гана бир аз топоз кармашат. Топоздун этинин учурдагы баасы уйдукунан арзан болгону менен андагы пайдалуу элементтердин көлөмү чоң деген топоз изилдөөчү Ырысбек Куленбеков, учурда кыргыз раногунда топоз эти өз баасына чыкпай жатканын белгилейт.
Муну менне катар эле Кытайдын тоолуу аймактарында багылып жаткан топоздордун мамалактарын алып, Германиялык топозчулар менен биргеликте өлкөдө топоз өндүрүүнү колго алып, кирешелүү тармака айландырсам деген изги тилектери менен бөлүштү.
Чындыгында топоз багуу кирешелүү тармакпы? Аны массалык трүдө жайылтып өлкө экономикасынын туруктуу багытына айландыра алабызбы? Бүгүнкү "Экономикалык панорамада" сүйлөштүк.