Билим берүү департаменти класстарды тилине карап бөлүүдөн баш тартууну көздөөдөӨлкө боюнча талапка жооп бербеген 48 мал базар жабылатОшто таштанды заводу 2027-жылы ишке берилет. Келишимге кол коюлдуАлдыда кененирээкБишкек мэриясынын Билим берүү департаменти класстарды тилине карап бөлбөстөн, айрым сабактарды эки тилде окутуу сунушун киргизди. Бул тууралуу ведомство жетекчиси Рахат Мусаева Бишкек шаардык кеңешинин жыйынында билдирди. Анын айтымында, шаардагы конуштарда мектептер ачылганы менен билим деңгээли төмөн болууда. Анткени предметтик мугалимдер жетишсиз. "Бала башталгыч классты аяктайт, бирок 5-класстан тарта предметтик мугалимдер жок окуудан артта калып жатат. Ушуга байланыштуу Билим берүү департаменти Агартуу министрлигине класстарды кыргыз жана орус тилдүү деп бөлбөстөн, айрым сабактарды эки тилде окутуу сунушун киргизген. Демилгеге ылайык, сабактардын бир бөлүгү кыргызча, бир бөлүгү орусча өтүлүп, мүмкүнчүлүк болсо англис тилинде окутууга өтүү пландалууда", — деди Мусаева. Ал орус класстарга 400дөн ашык мугалим керек экенин белгилеген.
Өлкө боюнча талапка жооп бербеген 48 мал базар жабылат. Бул тууралуу суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин жыйынында билдирди. Жыйында депутат Эркайым Сейтказиева Ысык-Ата районунун тургундарынын райондо мал базар ачуу өтүнүчүн ортого салды. Анын айтымында, эң жакын жайгашкан базар Кемин районунда. Өз кезегинде Бакыт Төрөбаев мал базарды уюштуруу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары алектениши керектигин белгиледи.
Ош шаарында таштандыларды кайра иштетүүчү завод курулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматта белгиленгендей, концессиялык келишимге мэр Жеңишбек Токторбаев жана Кытайдын “Цзюньсинь Хуаньбао Кей Жи Инвест” компаниясынын жетекчиси Дай Даого кол койду. Келишимдин алкагында курула турган завод жылына 310 миң тоннага чейин таштандыны утилдештирип, электр энергиясын өндүрүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Жакынкы күндөрү объекттин курулушуна мезгил кутусу салынары айтылды. Заводду 2027-жылдын аягында ишке берүү пландалууда.
Белгилүү көк бөрүчү Манас Ниязов Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине Өзгөндө өткөн аламан улакта каза болгон 27 жаштагы жигиттин туугандарына көз көрсөтүү үчүн бара жатканын билдирди. "Элге жакшы оюн тартуулайбыз деп жатып кайра жаман иш болуптур. Маркумдун үйү Кара-Дарыяда экен, азыр жетели деп калдык. Ал эми аламан улакта бардык коопсуздук эрежелери сакталган. Кырсык оюндун сыртында, алыс жерде болгон. Жөн эле атын сугарганы барганда болуп жатат", — деди көк бөрүчү. Ал байгелерге эч ким демөөрчү болбогонун белгиледи. ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР:Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 103 сом 76 тыйынга юань 12 сом 63 тыйынга рубль 1 сом 13 тыйынга Казак тенгеси 17 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин литри 73 сом 40 тыйындан баштап сатылууда Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү майдын литри 78 сом 40 тыйындан жогору дизель майы литрине 77 сом сом 80 тыйындан тарта бааланса, унаа газынын литри 38 сом, 50 тыйындан сатылууда АБА ЫРАЙЫ10-февралга караган түнү тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. 10-февраль, шейшембиде күндүз республика боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарында +10...+15, Талас аймагында +8...+13, Баткенде +9...+14, Ысык-Көл өрөөнүндө +4...+9 градус жылуу болсо, Нарын дергесинде -1...-6 градус суук болот. Күндүн табы борбор калаа Бишкекте +13...+15, Ош шаарында +12...+14 градуска чейин көтөрүлөт.