Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Sputnik
Көчмөндөр оюндарында маданий иш-чаралардын байге фонду 4 миллион сомду түзөтЭпидемиологиялык абал. Сасык тумоо менен ооругандардын саны акырындап азая баштаганы айтылдыКайра шайлоо. № 13 шайлоо округу боюнча үгүт иштери башталдыБүгүн №13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо алдындагы үгүт иштери башталды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти. Маалыматка караганда, алдыдагы шайлоо кайра өткөрүлүп жаткандыктан жалпы шайлоо процессинин мөөнөтү үчтөн бирге кыскартылган. Ошого ылайык, шайлоо алдындагы үгүт 20 күнгө уланат. Тактап айтканда, 9-февралдан 28-февралы, саат 08:00гө чейин. Учурда мөөнөтүнөн мурда өтө турган шайлоого катышуу үчүн жалпы 25 талапкер катталды, алардын 15 - эркектер, 10 - аялдар. Алардын ичинен үч талапкердин берген арыздарына ылайык, каттоосу жокко чыгарылды. 2026-жылдын 9-февралынан тартып талапкерлер, саясий партиялар жана башка кызыкдар жарандар шайлоочуларды белгилүү бир талапкерлер үчүн же аларга каршы добуш берүүгө үндөгөн, ошондой эле талапкерлердин шайлоо алдындагы программаларын эркин жана ар тараптуу талкуулоого багытталган ишмердүүлүктү жүргүзүүгө укуктуу.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарындагы маданий иш-чаралардын байге фонду 4 миллион сомду түзөрүн "Биринчи радиого" билдирди. Министрдин айтымында, спорттук оюндар үчүн өзүнчө байге фонду бар. Ал эми Кырчын жайлоосунда өтө турган маданий иш-чаралардын байге фонду 4 миллион сомдун тегерегинде болот. Ошондой эле салттуу музыка, улуттук кийимдер боюнча да фестивалдар өтөт. Алардын да өзүнүн байге фонду бар. Эске салсак, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылышы 31-августта Бишкекте өтүп, жабылыш аземи 6-сентябрда Ысык-Көл жээгинде болот. Оюндарга 100дөн ашуун өлкөдөн үч миңден ашык спортчу катышат.
Өлкө боюнча курч респиратордук вирустук инфекция жана сасык тумоо менен ооругандардын 12 400 учуру катталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бул көрсөткүч мурдагы жумага салыштырмалуу 11,1%га төмөн. Ооругандардын жалпы санынын 73,8%ын 14 жашка чейинки балдар түздү. КРВИ жана сасык тумоо менен ооругандардын 12%ы ооруканага жаткырылган. Министрликтен белгилешкендей, Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында оор курч респиратордук инфекциялар жана сасык тумоого окшош оорулар боюнча эпидемиологиялык көзөмөл улантылууда.
АКШнын Индиана штатында жол-транспорт кырсыгына кабылган Кыргызстандын Бекжан Бейшекеев аттуу жараны менен Башкы консулдук телефон аркылуу байланышты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады. Ага ылайык, алар мекендешке консулдук-укуктук кеңеш берген. Ошондой эле жигиттин азыркы тапта кармалып турган жайы такталып, Башкы консулдуктун кызматкерлери ага барууну пландап жатканы айтылды. Тышкы иштер министрлигинде Бейшекеевдин туугандары менен дагы жолугушуу өткөрүлгөн. Аталган ведомство өз ыйгарым укуктарынын чегинде зарыл болгон бардык консулдук-укуктук жардам көрсөтүлөрүн белгиледи. Эске салсак, мекендеш кабылган кырсык 3-февралда болгон. Трак айдап иштеген 30 жаштагы Бекжан Бейшекеев каршы тилкеге чыгып, кичи автобус менен кагышканы айтылган. Натыйжада төрт киши көз жумган. Мындан тышкары, кыргызстандыктын АКШга мыйзамсыз кирип, Пенсильвания штатынан коммерциялык айдоочулук күбөлүк алганы белгиленген.