12 жылдык окутуунун программасы жөнөкөйлөтүлөт — эмнелер өзгөрүүдө?

Sputnik
Кыргызстанда 12 жылдык билим берүүнү киргизүү — билим берүү системасын заманбап талаптарга ылайыкташтыруу, эл аралык стандарттарга жакындатуу максатын көздөйт. Бул модель дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө колдонулуп, окуучунун билимди терең өздөштүрүүсүнө жана кесиптик багыт алуусуна кеңири мүмкүнчүлүк берет. Бирок көптөгөн ата-энелер социалдык тармактарда мектеп программасы барган сайын татаалдашып, бул окуучуларга стресс жаратып, билим алууга болгон кызыгуусун төмөндөтүп жатканын айтып нааразы болушууда. Ошондой эле кадр тартыштыгы байкалууда — мугалимдер ашыкча жүктөм менен иштөөгө мажбур. Кененирээк Кыргыз билим берүү академиясынын Технология, искусство жана ден соолук маданияты лабораториясынын башкы илимий кызматкери, педагогика илимдеринин доктору, профессор Абакир Мамытов жана Кара-Балта шаарындагы №4 орто мектептин директору Аида Саргалдаева айтып берет.