Ломбардга буюм коердо эмнелерге көңүл буруш керек, алданганда каяка кайрылса болот? Финансылык көзөмөл кызматы менен маек

Sputnik
Кыргызстанда учурда 430дан ашуун ломбард ишмердүүлүгүн жүргүзөт. Алар кандай эрежелерди сактап, кайсы мыйзамдардын алкагында иш алып барышат? Ломбарддардын ишмердүүлүгүн ким көзөмөлдөйт жана Кыргызстанда кимдер ломбард ача алат? Эң башкысы жарандар алданган учурда же ломбард кайсыдыр бир эрежелерди сактабай койгон кезде кайда кайрылуу керек? Ушул жана башка суроолорубузга Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын Финансылык рынокту көзөмөлдөө, контролдоо жана мониторинг жасоо бөлүмүнүн башчысы Сүйрөкул Ашимжан уулу жооп берди.