Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Sputnik
Өлкөдө товарлар менен кызмат көрсөтүүлөрдүн баасына мамлекеттик жөнгө салуунун жаңы түрүн киргизүү пландалууда, тагыраагы, ишкердин киреше алам деп кошкон наркы продукциянын өздүк баасынын 25 пайызын гана түзүшү керек. Министрлер кабинети жогорудагыдай мыйзамдын долбоорун демилгелеп, ага рентабелдүүлүк деген түшүнүк киргизүүнү сунуштап жатат. Мындай кадам бизнеске товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын өз алдынча аныктоого мүмкүндүк берет дешти. Жаңы тартипти социалдык жактан маанилүү болгон товарлар менен кызматтарга карата киргизүүнү пландап жатышат. Жөнөкөйлөтүп түшүндүрсөк: эгер ишкер продукцияны жасоого 100 сом кетирсе, сата келгенде ага эң көп дегенде үстүнө 25 сом кошо алат. Ошондо товарын 125 сомдон кымбат сата албайт. Тагыраагы, бул 25 пайыз.
Чүйдүн Арчалы айылында шал оорусу, аутизм, Даун синдрому жана башка илдеттер менен жабыркаган балдарга комплекстүү жардам көрсөтүүчү реабилитациялык шаарча курулат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрдиги билдирди. Аталган жай "Максат" реабилитациялык борборунун базасында болот. Реабилитациялык шаарчанын курамына стационардык, амбулатордук жана күндүзгү реабилитация үчүн адистештирилген борборлор жана бөлүмдөр, аутизм жана Даун синдрому менен ооруган балдар үчүн коррекциялык борбор, шал оорусу менен жабыркаган балдар үчүн 150 орундуу заманбап борбор, ата-энелер жана медициналык кызматкерлер үчүн жатакана, ошондой эле билим берүүчү жана усулдук блок кирет. "Шаарчада реабилитация залдары, гидротерапия үчүн бассейн, физикалык терапия жана кинезотерапия бөлүмү, массаж жана физиотерапия кабинеттери, сенсордук интеграция, эрготерапия, логопедия жана психология кабинеттери, функционалдык жана ультраүндүк диагностика бөлмөлөрү, эмгек терапиясынын зоналары, ошондой эле ачык реабилитациялык жана оюн аянтчалары каралат. Мындан тышкары, ат минүү — иппотерапия элементтери да камтылат!, — деп айтылат маалыматта. Министр Каныбек Досмамбетов борборго барып, анын материалдык-техникалык базасын, балдарга көрсөтүлүп жаткан жардамдын шартын жана инфраструктураны мындан ары өнүктүрүүгө арналган аймакты көрүп чыккан.
Окумуштуулар эртең менен таттуу жана майлуу тамакты колдонуу адамды уйкусуратып, көңүлүн чачыратарын аныкташты. Изилдөөгө ылайык, мындай тамактан кийин ой жүгүртүү жайлап, пландоо жана тапшырмаларды аткаруу кыйындаган.Ал эми тең салмакталган эртең мененки тамак адамды сергек кылып, энергия берет.Адистер күндү таттуу жана майлуу азыктар менен баштоо ишке жөндөмдүүлүктү жана маанайды төмөндөтүшү мүмкүн экенин эскертишет.
Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында чоң талант Сүймөнкул Чокморовдун элесине арналган "Сүймөнкул" мюзикли тартууланат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты. Спектакль 12-17-февраль күндөрү өтөт. Акын Акбар Кубанычбековдун калемине таандык эмгек филармониянын чоң залында саат 18:30да көрсөтүлөт. Билеттер сатыкка чыкты. Белгилей кетсек, бул — улутту