10-февралга карата аба ырайы

10-февралга караган түнү тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн, дыйканчылык аймактарда күн ачык болот.
Sputnik
БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Шейшембиде күндүз республика боюнча жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарында +10...+15, Талас аймагында +8...+13, Баткенде +9...+14, Ысык-Көл өрөөнүндө +4...+9 градус жылуу болсо, Нарын жергесинде -1...-6 градус суук болот.
Күндүн табы борбор калаа Бишкекте +13...+15, Ош шаарында +12...+14 градуска чейин көтөрүлөт.
Араван менен Кара-Сууда жазгы талаа иштери башталды