izrail-iranga-akshsyz-ehle-sokku-ura-alat Израиль АКШны Иранга жеке өзү эле сокку ура аларынан маалымдар кылды. Бул тууралуу Jerusalem Post гезитине таянуу менен РИА Новости жазды.
"Биз америкалыктарга эгер Иран чектен өтүп кетсе өзүбүз сокку жасай аларыбызды айттык", — деген гезитке Коргоо министрлигиндеги маалымат бергендердин бири.
Басылманын жазганы боюнча, израилдик аткаминерлер америкалык кесиптештерине Ирандын баллистикалык ракеталарды иштеп чыгуу жана өндүрүү программасы еврей мамлекети үчүн экзистенциалдык коркунуч экенин айтышкан.
Макалада Израиль Ирандын баллистикалык ракеталар боюнча планын үзгүлтүккө учуратуу боюнча чара көрөрүн АКШга ар кыл каналдар аркылуу жеткиргени белгиленген. Муну менен бирге Тель-Авив маанилүү өндүрүш объектилерине сокку уруу каралган бир нече операциянын планын иштеп чыгып койгону кабарланды.
Эскерте кетсек, жума күнү Омандын борбору Маскатта АКШ менен Ирандын делегациялары жолугуп, өзөктүк программа боюнча келишпестиктерди жоюуну талкуулашкан.
Омандын ортомчулугу менен өткөн сүйлөшүүлөр бир нече айга созулган тынымдан кийин жанданды. 2025-жылдын июнунда башталган Иран менен Израилдин тирешүүсүнө чейин тараптар беш ирет жолуккан.