Виктор Орбан Украина Венгриянын душманына айланганын айтты

Sputnik
БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Украина Будапештти Россиянын арзан электр энергиясынан ажыратууну талап кыла берип Венгриянын душманына айланды. Бул тууралуу өлкөнүн премьер-министри Виктор Орбан билдиргенин РИА Новости агенттиги жазды.
Анын айтымында, Киев бул аракеттерин токтотушу керек.
"Мындай учурда душман деп эсептелинет. Россиянын арзан энергиясынан кол үзүүнү тынымсыз талап кылып, биздин негизги кызыкчылыгыбызды ойрондотууда. Буга Венгриянын касы гана барат", — деген Орбан Сомбатхей шаарында шайлоо алдындагы иш-чарада сүйлөп жатып.
Венгриянын тышкы иштер министри Петер Сийярто апрель айында өтө турган парламенттик шайлоонун жыйынтыгында бийликке оппозиция келсе, Россиядан нефть жана газ алуудан баш тартарын айткан. Бул Венгриянын экономикасына кесепетин тийгизет. Ал эми Орбан Москва Венгрияны энергия менен камсыз кылуу аркылуу анын коопсуздугуна кепил болуп жатканын белгилеп, акыл-эстүү адам ишенимдүү өнөктөштү ишенимсизге алмаштырбай турганын айткан.
Европа биримдиги январдын аягында 2027-жылдын 1-январынан тартып Россиядан суюлтулган жаратылыш газын импорттоого, ал эми 2027-жылдын 30-сентябрынан тартып түтүк аркылуу жеткирилген газды алууга тыюу салууну биротоло жактырды. Венгрия менен Словакия бул чечимди жокко чыгаруу үчүн Европа биримдигин сотко берүүнү көздөп жатканын билдиришти.
Москва Батыш Россиядан энергоресурстарды сатып алуудан баш тартуу менен олуттуу ката кетиргенин айтып келет. Анткени электр энергиясына болгон муктаждык токтоп калбайт, баа улам өскөндүктөн Батыш үчүн электр кубаты ортомчулар аркылуу гана жеткиликтүү болуп калат. Бул өз кезегинде көз карандылыкты күчөтөт.
"Киевден да кол жуушу мүмкүн". АКШлык адистин Украина боюнча пикири