БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында чоң талант Сүймөнкул Чокморовдун элесине арналган "Сүймөнкул" мюзикли тартууланат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.
Спектакль 12-17-февраль күндөрү өтөт. Акын Акбар Кубанычбековдун калемине таандык эмгек филармониянын чоң залында саат 18:30да көрсөтүлөт. Билеттер сатыкка чыкты.
Белгилей кетсек, бул — улуттук филармония тарабынан коюлган үчүнчү мюзикл. Буга чейинки "Жамийла" жана "Раймалы менен Бегимай" чыгармалары да эл тарабынан жогорку баага татыган.