Шыкмаматов: Кыргызстанда башка өлкөлөргө салыштырмалуу салык ченемдери аз

Sputnik
БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Кыргызстандагы салыктын ставкалары коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу өтө төмөн. Бул тууралуу Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов ведомствонун 2025-жылдагы ишинин жыйынтыгы боюнча өткөн коллегиялык жыйында билдирди.
Жетекчинин айтымында, салык ставкаларынын төмөндүгү өлкөнүн инвестиция тартуу жана адамдык капиталды өнүктүрүү жаатындагы стратегиялык артыкчылыктарынын бири болуп саналат. Ошондой эле ал өткөн жылы экономиканын артыкчылыктуу тармактары үчүн салык жүгүн азайтуу жана салык жеңилдиктерин кеңейтүү боюнча масштабдуу саясат жүргүзүлгөнүн белгиледи.
Шыкмаматов кичи жана орто бизнестин субъектилерине ыңгайлуу салык режимин тандоо укугу — жалпы режимди, бирдиктүү салыкты же патентти колдонуу мүмкүнчүлүгү бар экенин эске салды. Мындай ыкма ишкерлерге салык милдеттенмесин иштин реалдуу көлөмүнө ылайыкташтырууга, ал эми мамлекетке туруктуу салык базасын түзүүгө шарт түзөт.
Үйдү кайсы учурда сатканда киреше салыгы алынат. Салык кызматынын жообу