Россиялык генерал Владимир Алексеевди аткан адам Дубайдан кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Россиялык генерал Владимир Алексеевге кол салган киши Бириккен Араб Эмирликтеринен кармалды. Бул тууралуу Федералдык коопсуздук кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмү билдиргенин РИА Новости агенттиги жазды.
Билдирүүгө ылайык, колго түшкөн 65 жаштагы Любомир Корба Россияга өткөрүп берилди. Ал Россиянын жараны. Тергөө комитетинин маалыматы боюнча, Корба Украинанын атайын кызматтарынын тапшырмасы менен теракт уюштуруу үчүн Москвага 2025-жылдын соңунда келген. Ок "Макаров" тапанчасынан атылган.
Кылмышты ишке ашырууга россиялык Виктор Васин жана Зинаида Серебрицкая катышкан. Васин Москвадан колго түшүрүлдү, Серебрицкая Украинага чыгып кеткен. Кол салууну уюштургандарды издөө уланууда.
Көзөмөл видеокамераларга киллердин тапанча жана буюмдары салынган сумкасын ыргытып, коомдук транспортко отуруп кеткени тартылып калган.
Алексеевге жума күнү эртең менен Москвадагы Волоколамское шоссесиндеги турак үйдө кол салынган. Ага ок тийип, ооруканага жаткырылган.
Генерал-лейтенант учурда Аскердик штабдын башкы башкармалыгынын жетекчисинин биринчи орун басары. 2017-жылы Россиянын Баатыры наамын алган.
Президенттин маалымат катчысы Дмитрий Песков Владимир Путин анын абалы тууралуу маалыматтарды алып турганын билдирип, Кремль тезирээк сакайып кетишине тилектеш экенин айткан. ТИМ башчысы Сергей Лавров бул кол салуу Украинанын тынчтыкты бузууга умтулуп жатканын көрсөтөт деп билдирген.
Факт боюнча өмүргө кол салуу, ок атуучу куралды мыйзамсыз жүгүртүү беренелери менен иш козголгон.
Москвада жардыруудан үч адам каза тапты, экөө полиция кызматкери