Жаан-чачындуу болот. Алдыдагы аптага карата аба ырайынын божомолу

Sputnik
БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Кыргызгидромет 9-16-февраль аралыгындагы аба ырайынын божомолун таратты.
Ага ылайык, алдыдагы аптада өлкө аймагында кар, жаан жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4–9 метрге, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

Бишкек шаары

Борбор калаада 9-10-февраль күндөрү жаан-чачын болбойт. 11-февралда түнкүсүн асманды ала булут каптап, күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаайт. 12-15-февралда да жаан-чачын болору божомолдонгон.

Чүй жана Талас облустары

Аталган облустарда 9-февралда жаан-чачын күтүлбөйт. 10-февралдын түнү тоолуу райондордо кар жаайт, ал эми дыйканчылык аймактарда жаан болбойт. 11-февралдан баштап жуманын аягына чейин кар, жаан жаашы мүмкүн.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары

Өлкөнүн түштүгүндө жуманын алгачкы күнүндө жаан-чачын болбогону менен түнкүсүн коюу туман түшөт. 10-февралдан баштап күндүн көзү бузулуп, аптанын аягына чейин кар, жаан жаашы божомолдонгон.

Ысык-Көл жана Нарын облустары

Ысык-Көл менен Нарында 10-11-февралда жаан чачын болбойт. 11-февраль түнү да жаан болбойт, күндүз айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Мындай аба ырайы аптанын соңуна чейин уланат.
Салыштырмалуу жылуу болуп, кар аз түшөт. Февралга карата аба ырайынын божомолу