РФ президентинин өкүлү: Европа Россияга муктаж

Sputnik
БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Европа мындан ары жашап кетиши үчүн Россияга муктаж. Бул тууралуу РФ президентинин чет мамлекеттер менен инвестициялык-экономикалык кызматташтык боюнча өкүлү Кирилл Дмитриев айтканын РИА Новости жазды.
"Жашоосу токтоп калбашы үчүн Европага Россия керек", — деп жазган ал Х соцтармагына.
Мындай пикирин Дмитриев Foreign Policy журналынын "Европа Путинди беттеп жашоого даярданып жатат" деген макаласына билдирген. Анда Еврокеңештин башчысы Антонио Коштанын 27-январда журналисттердин алдындагы сөзү келтирилип, европалыктар зарылдык жаралса Россия менен сүйлөшүүлөргө даяр болушу керектиги жазылган.
Буга чейин Европа менен Россиянын диалогу керек экенин Франция жана Финляндия президенттери Эммануэль Макрон менен Александр Стубб жана Италиянын премьер-министри Жоржа Мелони айтып чыккан.
Башка өлкөлөр антироссиялык санкцияны сактоого милдеттүү эмес. ЕБдин өзүнөн айтышты