БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында айланма жолдун курулушу башталды. Мэрия жүрүп жаткан иштерди видео аркылуу көрсөттү.
Муниципалитеттин маалыматы боюнча, жол төрт тилкелүү болуп, узундугу 15,64 чакырымды түзөт. Курулуш мамлекеттик бюджеттин эсебинен жүргүзүлүүдө.
Жолду Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жана ШКУ саммитинин башталышына, тагыраагы, 31-августка чейин бүтүрүү пландалган. Айланма жол аркылуу өтүү акысыз болот.
Мэриядан бул долбоор шаардын транспорттук жүгүн азайтуу, эл аралык иш-чараларды жогорку деңгээлде өткөрүү жана жол инфраструктурасын жакшыртуу максатын көздөй турганын белгилешти.