БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Ушул тапта Бишкектеги райондук администрацияларда социалдык кызматкерлер үчүн 28 бош орун бар. Буга байланыштуу шаар мэриясы бул багытта иштейм дегендерди жумушка чакырууда.
Мэрия райадминистрациялардагы бош орундардын санын жарыялады.
Биринчи май району – 9;
Ленин району – 7;
Свердлов району – 6;
Октябрь району – 6.
Иштейм дегендерде "социалдык иш" адистиги боюнча жогорку же орто кесиптик билими, болбосо медициналык, педагогикалык, психологиялык, социологиялык, юридикалык багыттагы билими болушу керек.
Документтер Бишкектеги төрт райондун мамлекеттик администрацияларында кабыл алынат.