БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Өзгөн районунда өткөн аламан улакта 27 жаштагы жигит каза болгонун Ош облустук милициясы билдирип, кырсыктын чоо-жайын айтып берди.
Оюн бүгүн өткөн. Анда улакчы атын сугаруу үчүн баратып, аргымактын буту тайып, экөө тең Яссы дарыясына кулаган. А.И. окуя болгон жерде каза болгон. Факт каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды.
Кемпир-Абаддын аймагында өтүп жаткан аламан улакты атактуу спортчу Манас Ниязов уюштурганы айтылууда. Маалыматты тиешелүү органдар тастыктай элек. Бирок улакчынын оюндан мурунку видеосу интернет желесине тарады. Анда Ниязов соорунга (байгеге) 2-3 унаа, 100 төө (20 төө менен берилип, калганы акчалай), 30 тай жана умрага жолдомолор коюларын айткан. Ошондой эле ал оюнга чет өлкөдөн да коноктор келерин билдирген.
Инжект: https://sputnik.kg/20251018/zheti-oguz-ulakchylary-chyry-olum-1097241761.html